www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү жана инфраструктураны жаңылоо алкагында Үч-Коргон ГЭСинде жүргүзүлүп жаткан ири модернизация долбоорунун ишке ашырылышын улантууда.
Долбоор станциянын негизги генерациялоочу жабдууларын жаңылоого, өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатууга, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Учурда объектте башкы подрядчы катары Кытайдын CNEEC компаниясы иш алып барууда.
Курулуш-монтаж иштерине жалпы 112 адис тартылган.
Гидроагрегаттардагы иштер
№1 гидроагрегатында статор жана роторду чогултуу, техникалык суу менен камсыздоо жана жөнгө салуу системаларынын түтүктөрүн орнотуу, ошондой эле импульстук түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүүдө.
Бул агрегат боюнча жалпы даярдык 17,6%, ал эми роторду жыйноо — 6,5%, статорду жыйноо — 11,1% түзөт.
№2 гидроагрегатында техникалык суу менен камсыздоо жана жөнгө салуу системаларын орнотуу, ошондой эле коррозияга каршы иштетүү иштери аткарылууда. Анын жалпы даярдыгы 24,3% деңгээлинде.
Башка объекттердеги иштер
№1 трансформаторду алмаштыруу — 88%
Станция плотинасындагы иштер — 72,1%
Жогорку бьефтеги гидромеханикалык жабдууларды монтаждоо — 31,2%
Төмөнкү бьефтеги конструкцияларды бекемдөө — 32,4%
Ошондой эле плотинада бургулоо жана цементациялоо иштери жүрүп, дренаждык скважиналар казылууда.
Жогорку бьефте авариялык-оңдоо затворунун көтөрүүчү механизмдери орнотулууда.
Логистика жана жабдуу
Долбоордун алкагында демонтаждалган жабдуулар кампаларга чыгарылып, жаңы жабдуулар станцияга жеткирилүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор бекитилген графикке ылайык аткарылып жатат. Модернизация аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин ишенимдүүлүгү жогорулап, жабдуулардын кызмат мөөнөтү узарып, өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуулугу бекемделери күтүлүүдө.