www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 9-марттагы жыйынында кыргыз тарап менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндөгү маселени жабык карап, колдоп берди. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен жетишилген келишимди президент жакынкы күндөрү жарыялай турганы айтылган.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышты. Ал эми депутаттар жыйын тууралуу айтуудан баш тартышты. Айрым депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалыматты айтпай турууну өтүнгөнүн билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg