www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Версальдагы саммиттин катышуучулары Украинанын Евробиримдикке кирүүсүн колдошот, бирок тездетилген түрдө мүчөлүккө кабыл алынышы күмөн экенин Reuters агенттиги европалык расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүнө таянып билдирди.

"Расмий өкүлдөр, Евробиримдиктин лидерлери Украинанын келечеги Евробиримдикте экенин белгилөө үчүн аталган өлкөгө колдоо көрсөтөрүн баса белгилешет",- деп билдирди Reuters.

Ошондой эле, Евробиримдиктин лидерлери Украинага "Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер" статусун сунушташы ыктымал.

Белгилей кетсек, Украина өлкөдөгү акыркы кырдаалдарга байланыштуу шашылыш түрдө Евробиримдикке кирүү тууралуу чечим кабыл алып, арыз жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости