www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте  "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө"  мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Жыйынга катышкан 105 депутаттын 104ү "макул", бирөө "каршы" добуш беришти. Долбоор 15-мартта экинчи окуудан өткөн.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөөгө мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук тараптар, Кыргызстандын жарандары гана укуктуу экени жазылган.

Мыйзам долбоору алгач сунушталганда "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" деген чектөө киргизилген. Кийинчерээк мындай чектөө алып салынып, медиа уюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун билдиришкен.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары 

 

 

 

 

Последние новости