www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдана - “Кешью” тобунун алтын составынын мүчөсү, учурда жеке ырчы катары өзүнүн карьерасын улантып, жеке бизнесин ачып, турмуш жолуна аттанып, кыздуу да болууга жетишкен ийгиликтүү айым.

Менин бактым...

Менин бактым- жакындарым, ата-энем, бир туугандарым жана үй-бүлөм. Мен мына ушул адамдар үчүн ар бир күнү ойгоном жана жеңил дем алам. Эч кандай карьера же кызыгуу менин үй-бүлөмдү алмаштыа албайт. Жолдошум, кызым жанымда болгондо мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу айым экенимди сезем. Мындан өткөн бакыт барбы?

Балалык...

Балалык күндөрүм эң соонун өткөн. Айрым учурда бала кезимдеги кылыктарымды эстеп күлүп калам. 5 жашымдан тарта сахнадамын жана ошол курагымдан тарта ырдап келе жатам. Мен үчүн ар бир майрам. Биз үй-бүлөбүз менен тойлордо, ар кандай иш чараларда катышып турчубуз. Ал күндөрдү менин эң бактылуу күндөрүм деп эсептейм.  

Музыка...

Ар бир адам бир нерче үчүн жаралат. Мен музыка үчүн жаралгам. Музыка- менин абам, эргүүм, жан-дүйнөм жана философиям. Чынын айтсам ансыз мен жашоомду элестете албайм. Башта айтып өткөндөй мен чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн, башка тандоом жок болчу. Мектепке кирээрде мени дароо музыкалык мектепке беришкен.

Идеалдуулук...

Бул жашоодо идеалдуу адамдар болбойт деп эсептейм. Ар бир адамдын өзүнүн минус жана плюс жактары болот. Баарыбыз адашабыз, өкүнөбүз. Чынын айтыш керек атактуу адамдар эч качан идеалдуу болушпайт. Ооба, мисалы, Стив Жобсту ийгиликтүү, эрктүү болгону үчүн сыйлайм. Мени көпчүлүк Моника Беллуччиге окшоштургандар болот. Бирок, телевизордон көргөн адамдын ички жан-дүйнөсү кандай адам экенин билбейбиз да. Жөн гана бир адамды өзүнүн убактысына, мүмкүнчүлүгүнө, талантына карап тандап, үлгү алсак болот. Үлгүлүү айым деп өзүмдүн апамды эсептейм. Апама ар дайым окшош болгум келет. Ал тууралуу мен баардыгын билем. Кандай учурда кандай кадам жасайт, кандай кабыл алат, кандай жооп берет ж.б Мен үчүн апам эң акылдуу, сулуу жана мыкты аялзаты!

Карьера жана үй-бүлө...

Менин пикиримде, жеке жашоодо жана карьерада адам баласы рухий жактан өсүү керек. Актануунун кажети жок, эч нерсе колуңдан келбейби ишке ашырууга аракет кылуу зарыл. Ар дайым окуп, үйрөнүп, тажрыйба алып туруу кажет. Максаттарыбызга жетип, алдыга койгон пландарыбызды ишке ашыруу өзүбүздүн гана колубузда. Ар бир иште баланс болуу абдан зарыл нерсе. Мына ошондо гана туура тандай аласың: үй-бүлөбү же карьерабы?

Атактуулук...

“Кешью” тобунун жана экс-продюсерим Баян Есентаеванын аркасы менен мага атактуулук келди. Бул нерсенин баардыгы продюсеримдин эмгеги. Ал мага казак музыкасынын дүйнөсүн ачты, элибизге өзүм жана талантымды көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк берди. “Кешью” тобунда ырдап, көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба топтогонума эч качан өкүнбөйм.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости