www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жеке менчиктерине бийлик азуусун салды. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Айтымына караганда Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан “Караван” соода борборун дагы  бийлик тартып алышат деген маалымат чыкты. Андан сырткары учурда болгон туугандарынын байлыгын текшерүүгө алып, өздөрүнө менчиктештирүүнү көздөп жатышат. Мындай басып алуулар мыйзамсыз жана соттун чечими жок. Эми мындай басып алуулар мамлекеттин эсебине өтөбү же кимдир бирөөнүн менчигине калабы аны көрө жатарбыз, дейт жеке булак.

Эске сала кетсек,  бүгүн, 21-апрелде таңкы сааты 7лер чамасында мурунку экс-мер Нариман Түлеевдин “Сапат” бизнес борборуна болжол менен 200дөн ашуун милиция кызматкерлери келип,   имаратты толугу менен басып алышып, кызматкерлерди ичине киргизбей коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости