www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта парламент таркайбы же таркабайбы деген да суроо кайталанып келатканы белгилүү. Буга дагы коомдук ишмер А. Акматалиев өз пикирин билдирген:  «Азыркы парламентти таркатуу кимге керек, кимге пайда? Ушундай суроо бериш керек. Бүгүнкү парламентти таркатуу жалгыз Алмаз Атамбаев деген экс-президентке пайда. Мен ал адамды түшүнүп турам. Саясий амбициясы чоң. Алты жылдык президенттик мөөнөттү ийгиликтүү эле өткөрдү. Чын эле реформаларды жасады.

Мактанып айта турган нерселери да көп. Аны эч ким жокко чыгарган жок. Ал карып деле кетелек. Ошондуктан парламентти таркатуу Атамбаевге гана керек. Анын КСДП партиясына деле кереги жок. Мен партиясы деп парламенттеги фракциясын айтып атам. Андан башка партиясы деле калган жок. Экинчиден, парламентти таркатканга Алмаз Шаршеновичтин күчү жетпейт. Себеби бир дагы фракция азыр парламентти таркатууга муктаж эмес. Азыркы президент дагы муктаж эмес. КСДПдан барган премьер дагы ага муктаж эмес. Андыктан КСДП азыр өзүнүн өкмөттөгү өкүлдөрүнүн баарын топтоп, конструктивдүү оппозиция өтүп, 2020-жылга даярданыш керек».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости