www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдар, иш таштоо кылган. Тилекке каршы алардын талаптары көпчүлүккө жакпай учурда коомчулук  арасында  жана социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда. Маршруттук каттамдардын айдоочуларынын талабы, калкты канаатандырган жок. Алсак, белгилүү тележурналист Шайырбек Абдрахманов:

"Маршрутка айдаган агайындардын митингдеги талаптарын угуп төбө чачым тик турду. Ой тообоо! Мына так ушуну айтат "кайран элим кайда баратабыз!" деп. Уят деген болуш керек го! Силер тескерисинче алдагы калдыраган бустарыңарга ушу кезге чейин унчукпай түшүп, акчасын сунган шаардын тургундарына узун өмүр тилеп, ырахмат айтсаңар жарашат. Ушулардын арты менен бала-чака багып, курсаныңар ток. Өкмөттү, шаардык бийликти сөккөндөн көрө алардын шалаакылыгына, паракордугуна, эшикте 21- кылым болсо да, Бишкектиктерди силердин алдагы дөңгөлөгү "лысый", шопуру ичинде тамеки чеккен машинелериңерге түшүүгө аргасыз кылгандыгы үчүн арбын, арбын алкыш айтпайсыңарбы!!
Экинчи полосадан кайрыганга уруксаат берилиш керек имиш. Силер ансыз деле кайрыйсыңар го ал жерден! Ал турмак экинчи полосадан киши алып, экинчи полосадан киши түшурөсүңөр го! 
Чынын айтсак, маршруттук таксилерге шаардын таркин кетирип тебелетип таштаган, жарандардын өмүр коопсуздугуна мээ коротпогон өкмөткө, мэрге, МАИге анча мынча пара бергениңер аз, аларды мактагыла молодец деп!
Жаңы автобус, тролейбустарды алып келишип,көчөлөрдүн көркүн чыгарып, жүргүзүп салган өкмөт, тартипти укмуш караган мэр болгондо эмне кылат элеңер?! Ошондо чындап шоруңар катмак! Андыктан шүгүр дегиле, биздин өлкөнүн паракор, коррупционер чоңдору бүгүн силердин чөнтөгүңөрдө экенине!, деп затат өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости