www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Перизат Сурановага тез арада операция жасоо керек. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Суранованы 2022-жылдын 28-декабрында Бишкектеги СИЗО-1ден поликлиникага текшерүү үчүн алып кетишкен. Дарыгерлер «жатын миомасы», «субмукоздук түйүн», «аялдардын органдарындагы эки тараптуу гидросальпинк» диагнозун коюшкан.

«Дарыгер башка органдардын абалы жалпысынан дарыланууга тийиш экенин, бирок хирургиялык кийлигишүүсүз аялдын органдарын айыктыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи. 10-январда Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасынын дарылоочу дарыгери тарабынан кошумча текшерүүдөн өтүп, консультация берди. УЗИден кийин дарыгер мурда коюлган диагнозду тастыктап, ыкчам операциялык кийлигишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи», - деп жазган Касиет Мамырбай.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости