www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Президенттик сарайынын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Молдова бийлигинин билдирүүлөрүнө көңүл бурушу керектигин айтып: «Молдавия менен мамилебиз ансыз деле эле өтө чыңалган», - деди.
Дмитрий Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Молдованын премьер-министри Дорин Речеандын Молдованын чек арасында жайгашкан жана бир жактуу түрдө эгемендигин жарыялаган Приднестровье аймагынын куралсыздандыруу зарылдыгына байланыштуу билдирүүлөрүнө баа берди.
Орусия менен Молдованын карым-катнаштарынын ансыз да чыңалганына көңүл бурган Песков:«Молдавия менен мамилебиз азыртадан эле өтө чыңалган. Молдованын администрациясы Орусияга каршы болгон бардык нерсеге басым жасайт. Алар антиорусиялык истерияга түшүп жатышат. Бул конструктивдүү мамиленин жоктугу Молдовага жардам бербейт жана албетте биздин эки тараптуу мамилелерге зыян келтирет. Молдовалык маектештерибизге түшүндүрүү иштеринде өтө этият болууга кеңеш беребиз», - деди.
Молдовада 16-февралда түзүлгөн жаңы өкмөт менен премьер-министрлик кызматка киришкен Дорин Ричеан кечээ Орусия Молдовага каршы «гибриддик» согуш жүргүзүп жатканын, орусиялык аскер күчтөрү жайгашкан Приднестровье демилитаризацияланышы керек деп билдирген.