www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украина боюнча кырдаалды чечүү жолун табуу үчүн АКШ менен да, башка өлкөлөр менен да, Рим папасы менен да сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Франция президенти Эммануэль Макрон Рим папасынан Орусия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Жозеф Байденге чалып Украинадагы кризисти жөндөө тууралуу сүйлөшүүсүн суранган.
Макрон абалдын мындан ары жакшырышы үчүн АКШ сүйлөшүү столуна отурушу керектигин айткан.
"Эгерде бул кадам абалды чындыгында эле жеңилдетүү үчүн жолдорду издөө боюнча жасалса, муну оң баалоого болот. Бирок бир жагынан алып караганда, билдирүүдө кимдин Зеленскийге чалышы керектиги туурасында жана Орусия менен сүйлөшүүгө тыюу салган мыйзам базасын карап чыгуу боюнча эч нерсе айтылган эмес", — деген Песков журналисттерге.
Ал Орусиянын көп нерсеге даяр экендигин кошумчалаган.
"Биз америкалыктар менен да, француздар жана понтифик менен да сүйлөшүүгө даярбыз. Дагы бир ирет кайталап коёюн, Орусия баары менен байланышууга ачык. Бирок Украина сүйлөшүүлөрдү улантпоого бет койгонун эске алышыбыз керек", — деп кошумчалаган ал.
Эске салсак, Владимир Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Орусия президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт деген чечимин бекиткен жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg