www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абаддын айланасындагы маселелерди бийлик элге жетиштүү түшүндүрө албагандыктан чыр чыгып жатат. Мындай пикирин саясат таануучу, тарыхчы Табылды Акеров NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, оппонентине каршы күч колдонуу бийликке кадыр-барк алып келбейт.
--"Буга чейин эле опппозиция тарап бийликке сын айтып келген. Акыркы учурда бийлик Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны тактап, биротоло чечип бүтөлү, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бир бүтүмгө келдик деп билдирди. Бирок, оппозиция бийликтин бул чечимин туура көргөн жок. Кемпир-Абадга жакын жайгашкан аймактын тургундары да буга каршы чыгып, суу сактагычтын коңшу мамлекетке берилүүсүн колдошкон жок.
Жакында эле Кемпир-Абадды сактоо боюнча комитет түзүлүп, бирок анын эртеси, 23-октябрда 22 адам камалды. Менин оюмча бул туура эмес чечим. Себеби кандай гана жагдай болбосун, бийлик бул - күч. Анын колунда милиция, коопсуздук кызматы, аскер бар. Ошондуктан өзүнө каршы тарапка дароо эле күч колдонбой, болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, тегерек үстөл үстүндө ынандырыш керек эле. Бул курч кырдаалда ынандыруу эң маанилүү курал болмок. Мисалы, Акаевдин тушунда ага каршы болгондор менен нейтралдуу пикирдеги адамдардын, эски кадрлардын жардамы аркылуу диалог түзүп, Кыргызстанды демократиялык өлкө катары көрсөтүүгө аракеттерди жасап келген.
Ал эми учурдагы кырдаалга көз салсак, чек ара маселеси сырдуу дегенгеби, айтор бийлик менен оппозиция өздөрү эле чогулуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок пкирилери келишпей, бири-бири менен кайым айтышып, тирешүүлөр болуп келди. Анын жыйынтыгына баарыбыз күбө болуп отурабыз. Дээрлик 20дан ашуун адам камалды.
Адамды камоо өтө татаал нерсе, бул деген тагдыр да. Коомдо 70 жаштан ашкан адамдын (ред. Асия Сасыкбаева) камалышы абдан нааразылыктарды туудурууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш эмес, бирок эми гана саясатка аралашып келе жаткан жаш жигиттерди темир тор артына камап кою дагы туура эмес. Себеби саясий куугунтук менен камалган адамдын бийликке болгон жек көрүү сезими пайда болуп, кийин ал камоодон коркпой калат. Камалып жаткан 30га чыга элек жаштар саясатта дагы 20-25 жыл болсо, өлкөдө абал кандай болот деген суроо кооптондурат. Анткени, мен да убагында камалгам деп, өзүнөн кийинкилерди камаса кандай болуп калат?", - дейт Табылды Акеров.
Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
Булак: NazarNews.kg