www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 9-май Жеңиш күнүнө карата президент Владимир Путин жана чет мамлекеттердин башчылары кандай иш-чараларды пландаштырып жатканын айтып берди. Парадга катышуу, гүлчамбарларды коюу, ошондой эле бейформал эртең мененки тамак пландаштырылган, деди Песков "Москва. Кремль. Путин" берүүсүнүн автору Павел Зарубинге.

«Биринчиден, парад саат 10:00до (ред. Москва убактысы боюнча) башталат. Алгач президент сүйлөйт жана мамлекет башчылары аны менен трибунада болушат. Андан соң Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземи болуп, андан соң президентибиз менен мамлекет башчыларына бейформал эртең мененки тамактануу пландалган», - деп билдирди басма сөз катчысы.

Москвадагы Жеңиш парадына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости