www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2023-жылдын 9-июлуна белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Өлкө президентинин жарлыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү чечими Өзбекстандын Конституциясынын 110 жана 128-беренелеринин, ошондой эле республиканын Шайлоо кодексинин 66-беренесинин негизинде кабыл алынганы белгиленген.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-майда Шавкат Мирзиёев өлкө башчылыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялаган. Ал жарлыкка кол коюлганын Олий Мажлис палаталарынын, партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен референдумдун жыйынтыгына арналган жыйында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости