www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчылыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Ал жарлыкка кол коюлганын бүгүн, 8-майда Олий Мажлис палаталарынын, партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен референдумдун жыйынтыгына арналган жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, 30-апрелде Өзбекстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өткөн. Референдумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзам боюнча президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана алат.

2016-жылы такка отурган Мирзиёев 2021-жылы ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аяктамак. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандыктан Мирзиеевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу президенттикке шайлана алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости