www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араб мамлекеттеринин лигасы 12 жыл мурун жарандык согуштун башталып, убактылуу токтотулган Сириянын мүчөлүгүн калыбына келтирди. Бул тууралуу Euronews телеканалы билдирди.

Мындай чечимге Араб лигасынын Каирдеги штаб-квартирасында уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери атайын жыйында добуш беришти.

Сириянын мүчөлүгү 2011-жылы жарандык согушка алып келген демократияны жактаган нааразылык акцияларды күч менен басуудан улам токтотулган. Эми Араб Лигасы дипломатиялык жолду тандап алды.

Буга жооп катары Сирия бийликтери оппозиция менен жаңы конституция боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып, шайлоого жол ачары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, өкмөт качкындардын кайтып келишине шарт түзүп, гуманитардык жардамдын көрсөтүлүшүн камсыздап, коңшу өлкөлөргө баңги затын ташууну токтотуусу керек.

Араб өлкөлөрү Сириядагы кайра курууга каржылык колдоо көрсөтүп, союздаш мамлекеттерди бул өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетүүгө көндүрүүнү каалашат.

Бирок, Катар баштаган айрым араб өлкөлөрү Сириянын Араб мамлекеттеринин лигасына кайтарлышына каршы чыгышты. Алар: "Башар Асад режиминин кыянатчылыгын актаган» бул чечим стабилдүүлүк алып келбейт жана качкындар кризисин чечпейт, тескерисинче бүткүл региондо адилеттүүлүккө жана адам укуктарына кыйратуучу сокку", - дешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости