www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков брифингде көптөгөн украиндер орус жарандыгын алууну каалап жатканын айтып, президент Путиндин тиешелүү жарлыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Атайын аскердик операция украиндерге каршы эмес, режимге каршы. Ошол эле учурда украиналыктардын көбү Россия Федерациясынын жараны болууну каалашат. Ошондуктан, бул жарлык көп адамдар үчүн өтө маанилүү», - деп баса белгиледи ал.

Мындан тышкары, Кремлдин расмий өкүлү баса белгилегендей, союздук мамлекеттин алкагында көптөгөн эрежелер бирдиктүү болуп, Беларустун жана Россиянын жарандары болжол менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс менен Украинанын аймактарында жашаган жарандардын орус жарандыгын алууну жөнөкөйлөтүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул жарлык жарандыгы жок адамдарга да тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости