www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тараздагы минаралдык жер семирткичтерди өндүргөн "Казфосфат" компаниясынын фабрикасында кырсык болду. Казакстандын экология министрлиги билдиргендей, авария 11-июль күнү кечки саат 8.30да катталган.
"Фтор суутеги нормадан 2-3 эсеге жогорулап кеткен, аммиак, күкүрт суутеги, көмүр кычкыл газынын деңгээли жогорулаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик экология департаменти менен Тараз прокуратурасынын кызматкерлери зыяндуу заттардын деңгээлин ченөө үчүн окуя болгон жерге жөнөп кеткенин кошумчалады.
Жамбыл облусунун акимчилиги жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жок экенин, ушул тапта түтүн каптоо токтогонун маалымдады.
11-июль күнү кечинде Тараздын жашоочулары соцтармактарга шаарды көздү ачыштырган түтүн каптаганын жазышкан.
Минералдык жер семиртикчтерди чыгарган "Казфосфат" заводу Таразда жайгашкан. 7-июнда "Казфосфатта" өндрүш учурунда жумушчу мерт болгон. 2-июлда дагы эки адам өлгөнү кабарланган.
Булак: NazarNews.kg