www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын мыкты, чыгаан жаш илимпоз, окумуштуу уул-кыздары чет өлкөдө аброй, барк күтүп иштеп жүрүшөт. Колдо бар алтындын баркы жок болуп, алар өзүбүздүн өлкөдө бааланбай, бут тосууларга туш болуп, көралбастыктын айынан окумуштуу, илимпоз даражасы таанылбай, четке сүрүлүп жатышканы өкүндүрөт. 

Бул тууралуу маселе Жогорку Кеңеште айтылып, Жогорку аттестациялык комиссиянын иши сынга алынды. 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев PhDси барларга автоматтык түрдө илимдин кандидаты бар деген илимий наамды берүү зарылдыгын айтты. 

Мындан улам, жаңычылдык менен эскичилдик талашы, көз караштар кагылышы дагы далай болорун белгилеп, "илимдеги чыгаандарга жол ачалы, бут тоспойлу" деген оюн билдирди. 

Бул тууралуу: "5313 илимдин кандидаты бар, ал эми PhD ал эми Жогорку аттестациялык комиссиядан өткөн 30 доктор бар экен. Мына ушунун өзү эле баарын айтып турат. Илимдин кандидаты болуш жеңил, PhDни алыш оор. Канчалаган сыноодон өтүш керек"- деп маселени кабыргасынан койду. 

Ал эми дагы бир эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Философия илимдеринин доктору (PhD) илимий даражасы боюнча чет өлкөлүк Жогорку окуу жайлардан берилген дипломдорду нострификациялоо тартибинин бюрократиялык жол-жобосун сындады. 

Ал бул туурасында: "Бул процесс негизи төрт айга созулуп, Кыргызстанда иштөө үчүн адам диссертациясына сынак тапшырып, дипломун таанууга атайын экспертиза өтүүгө муктаж экен. Мындай мамиле биздин жарандарды барктабаган мамилени жаратып, билимдүү адамдардын башка өлкөлөргө көчүп кетип жаткан кырдаалды курчутушу мүмкүн. Эми эл аралык билимге ээ болгон, элине, жерине күйүп, иштөөгө даяр адамдардын тажрыйбасын, билимин пайдаланып, алардын иштөөсүнө жагымдуу, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү биздин милдетибиз",- деп каңырык түтөтүп, Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөлөрүн өлкөгө, улутка кыянаттык кылбагыла деп сындады.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости