www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкадан Бишкек шаарына почта аркылуу гашиш майы баңги каражаттарын жеткирүү менен алектенген трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон.
11-майда Бишкек шаарында баңгизатын алып жаткан 1992-жылы туулган И.Р. кармалган. Андан кийин ыкчам маалыматтар менен азык-түлүк деген шылтоо менен баңги каражаты жөнөтүлгөнү белгилүү болуп, жыйынтыгында таңгакталган 970 грамм баңгизат экени аныкталды.
ИИМдин маалыматы боюнча, гашиш майы баңги каражаттары электрондук тамекилерге жана вапаларга куюуга ылайыкталган. Көмүскө базарда анын 1 грамм
салмагы 100 АКШ долларды түзөт.
Учурда тергөө журуп жатат.
Булак: NazarNews.kg