www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки, 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага 250 танк жөнөткөндөрүн билдирди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Моравецки француз LCI телеканалына берген маалыматында, Украинага өз эркиндигин коргоого жардам берүүнүн Европанын баалуулуктарын коргоо дегенди билдирерин айтты.

Украинага согуштук учактарды жеткирүү темасы күн тартибине коюлса добуштарын колдой тургандарына басым жасаган Моравецки: «Бирок бул албетте НАТО гана кабыл ала турган чечим болушу мүмкүн. Украинага ушул убакка чейин 250 танк жөнөттүк. Ошондой эле жакынкы апталарда эң өнүккөн танктарыбыздан дагы 60ты жөнөтөбүз. Кошумча 14 даана "Леопард" танкын тапшырабыз. Ушундайча бул сан 300гө жетет», - деди.

Моравецки Батыштын дагы да өнүккөн курал-жарактарды берүү менен Украинага колдоо көрсөтүүдө кайраттуу болушу керектигин баса белгиледи.

 

Последние новости