www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бейформал жолугушуусу болду.

“Ала-Арча” жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу үчүн улуттук боз үйлөр тигилип, элдик көркөм кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдарынын көргөзмөсү жайылды.

Ошондой эле темир устанын чатыры тургузулуп, анда соот кийимдер, туулгалар, калкандар, аскердик кемер-курлар жана байыркы усталардын зер буюмдары илинди.

Ата-бабалардан мурасталгандай, темир уста сом темирди дөшүгө коюп, кынаптап ийип, така жасап, андан соң чатырдын жанында байланган атты такалаган көрүнүш берилди.

Мындан тышкары, өлкөнүн лидерлери кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.

Андан кийин “Мурас” фольклордук-этнографиялык тобу ардактуу меймандарга белгилүү кыргыз жана өзбек улуттук музыкалык чыгармаларын аткарып беришти.

Последние новости