www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эске салсак, Азербайжандын Тегерандагы элчилигине куралдуу кол салуу болгон. Азербайжандын президенти Илхом Алиев элчиликке болгон куралдуу кол салууну айыптап, муну террордук чабуул деп атады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

“Мен бүгүн Тегерандагы элчилигибизге каршы жасалган террордук чабуулду катуу айыптаймын. Биз бул аракетти тез арада иликтеп, террористтердин жазаланышын талап кылабыз. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө каршы террордук чабуулга жол берилбейт”, - деп жазды Азербайжандын башчысы.

Ошондой эле Азербайжандын президенти элчиликке кол салуу учурунда каза болгон улук лейтенант Орхан Аскеровдун жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажизода «TRT Haber» телеканалына берген маегинде куралдуу кол салуудан кийин Азербайжан өлкөнүн элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоону көздөп жатканын билдирген.

Озода Чориева, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости