www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы Өрүкзар орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, кырсык 1-июнда болгон. 

"Окуя болгон күнү "Hyundai Porter" автоунаасынын ичинде Өрүкзар орто мектебинин 9а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери Г.Закирова, А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшкөн. Андан кийин саат 18:30да Өрүкзар айылынын спорт аянтчасына барып "сүрөткө түшөбүз" деп А.Үрүстөм кызынын башкаруусунда автоунаага 25 окуучу чыккан. Жолдо автоунаанын борту сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.   

Кырсыктан улам 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөрү кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости