www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган КР СӨМдүн алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. 

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 миллион сомго чукул каражатты түзгөн. Алынган далилдердин негизинде “Т.Э.Б.” Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости