www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Абылгазиев элге кыянаттык кылууда

Бүгүнкү бийликке, айрыкча өкмөт башчыга элдин нааразычылыгы да, кыжырдануусу да күч алып турган кез. 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин азыркы учурда эмгек өргүүсүнө чыкканын сындады.

«Мен бир нерсеге түшүнбөй турам. Өткөндө Тажикстандын чек арасында, кечээ Өзбекстандын чек арасында кагылышуу бодду. Андан тышкары, өзгөчө кырдаалга кабыла элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмне үчүн эмгек өргүүгө чыгат? Армениянын премьер-министри «коронавирус жуктурул алдым, бирок мен үйдө отуруп алып иштейм» деп жатат. Биздин премьер эс алганга кетип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Бул боюнча коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңеш реакция кылышыбыз керек. Ишин вице-премьер-министрлерге тапшырып коюп, эс ала турган убакыт эмес. Кийин бизден эл «өкмөттү силер түптөгөнсүңөр» деп сурайт» деди депутат.

ЖК депутаты Нурбек Алимбеков да интернет булактары аркылуу нааразычылыгын төмөндөгүдөй билдирген.

«Чек ара чыры күнүнө жүз берип, экономикалык катаал катастрофага кетип бараткан азыркыдай шартта өкмөт башчыбыз тигинтип убактылуу эмгек өргүүгө кетип жатат. Ишке качан чыгары белгисиз. Эртеңки күнү эмне болобуз? Өлкөдө башканы кой, тамак-аш коопсуздугубуз коркунучта экенин карантин учурунда билдик. Ушуну өкмөт башчы өзү туюшу керек эле. Анан кантип бизде иш жылат?»

Ал эми жарандык активист Рустам Юсуповго кайрылганыбызда, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Абылгазиевдин эмгек өргүүсү туура эмес. Биринчиден, экономикалык абал, чек арада болуп жаткан кырдаал шайлоого депутаттар даярданып жатса, ал кишинин кеткени таңгалычтуу да. Себеби дегенде, парламент иштеп турган учурда чечилбеген көп маселелерди чечип бүтүрүп алуусу керек эле. Пандемиядан кийинки экономикалык маселе курч. Бул кадамды кыянатылык катары эсептейм» деди.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости