www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди. Суроо-жооп учурунда ал Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирди.

Белгилей кетсек, Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт.

«Партиялык система деп үчүнчү жолу келип мамлекетти талкалап, сазга батырды. Азыр жаңы конституциялык реформалар боюнча бир мандаттуу системага келели десек, партиялык система болсун, жарымы бир мандаттуу деп талашып жаткандар бар. Долбоордо жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык деп көрсөтүлдү», - деди Жапаров.

Ошондой эле өкмөт башчы коомчулукта толук бир мандаттуу системаны колдогондор көп экенин белгилеп, бардык пикирлер эске алынарын билдирди.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости