www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 4-ноябрь саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйындын күн тартиби:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо тууралуу (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);
2. “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев У.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);
3. “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Эргешов А.М.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган);
4. “Кыргыз Республикасынын балык уулоо, балык запастарын коргоо, кайрадан өндүрүү жана балык уулоо туризмин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Эргешов А.М.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган).
Булак: NazarNews.kg