www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен үчүн элдин талабы, эрки жана бийлиги – баарынан улук! Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусунун эли менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча эл тараптан берилген суроолорго Садыр Жапаров жооп берип жатып, шайлоону өткөрүүдө
Конституциянын ченемдерин так сактоо керектигин белгиледи.
«Эмне үчүн Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт деген суроо берилүүдө. «Биз конституциялык-укуктук талаага кайтып келдик» деп дүйнөгө жар салып жатабыз. Демек, Конституциянын ченемдерин так сактайлы, легитимдүүлүк сакталууга тийиш. Конституциянын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи Президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек» - деди Президенттин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле партиялык система жана конституциялык реформа боюнча сөз кылды.
«4-октябрда болгон депутаттарды шайлоодогу элдин ичиндеги нааразычылыктар эң туура деп эсептейм. Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады: кландык системаны жаратты, баарыбызды бай-кедейге бөлдү, уюшкан коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Ошондуктан элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформаларга барабыз. Азыр реформалар жана референдум боюнча тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жатат.
Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат. Элдин эрки жана акыйкаттуулук – бул түбөлүктүү сөздөр.
Мен үчүн элдин талабы, бийлиги жана эрки – баарынан улук», - деди Садыр Жапаров.
Жолугушууда чогулган эл соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу, ишкерликти колдоо боюнча суроолорго жоопторду алышты.
Булак: NazarNews.kg