www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоо менин божомолум боюнча март, апрель же май айында өткөрүлөт, деди президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушууда.
«Эгер биз мыйзамга баш ийсек, 2 айдын ичинде тактап айтканда, 20-декабрда шайлоо өткөрүшүбүз керек болчу. Бирок эртеси күнү терең ойлондум. "Эл партиялык системадан кетели, партиялык башкарууну токтотолу деп толкундоого чыгып, бийлик алмашып жатса, анан кайра эле партиялык система менен шайлоого барсак кандай болот" деп ойлонуп, 2-3 күндөн кийин спикер, фракциялардын жетекчилери чогулуп, кеңешип бир жыйынтыкка келдик. Мыйзамды бузбаш үчүн кайра шайлоону 1-июнга чейин жылдырууга үчүнчү окууда майзам кабыл алып, мен кол койдум, күчүнө кирди. Бул дагы толук мыйзамдуу болду. Парламенттик шайлоо менин божомолум боюнча март, апрель же май айларында өтөт», - деди Жапаров .
Булак: NazarNews.kg