www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын январь айынан октябрь айына чейин жалпы 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салык жыйналды. Бул туралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан белгилүү болду.
"Алдын-ала маалымат боюнча мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын октябрь айында 7 миллиард 590 миллион 900 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 миллиард 440 миллион сомго ашыгы менен чогултулду", - деп жазылган билдирүүдө.
2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839 миллон 500 миң сомго көбөйгөн. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салыктар жана төлөмдөр жыйналган.
Белгилей кетсек, акыркы 5 айда салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5 миллиард 700 миллион сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6 миллиард 400 миллион сомго түшүп кеткен.
Булак: NazarNews.kg