www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр кызматтан кетээрин жарыялады

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал демократиялык партиянын жетекчилигине шайлоого катышпайт.

Бул өкмөт башчылык кызматты тапшыруу дегенди түшүндүрөт. Партиянын лидерин шайлоо 29-сентябрда өтүп, тандалган киши премьер-министр болот.

Суга өз чечимине комментарий берип, “шайлоо алдындагы үгүт кампаниясына алаксыбай, мөөнөтүмдүн аягына чейин коронавирус менен күрөшүүгө күчүмдү жумшайм” деди.

Белгилей кетсек, Жапонияда октябрь айында жалпы парламенттик шайлоо өтөт. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары башкаруучу партиянын лидери Суга болуп кала берсе, алдыдагы шайлоодон утулуп калышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Коронавирус учурунда эпидемиологиялык абалга карабай Токиодо Олимпиада өткөрүү чечимин кабыл алган өкмөт башчынын калк арасындагы рейтинги төмөндөп кеткен.

Эске салсак, Олимп оюндарынан кийин Жапонияда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны өсүп, августтун аягында 26 миңден ашык адамдан бир күндө вирус чыккан. Бул пандемия башталгандан бери Жапонияда эң көп катталган учур болуп калды.

Ёсихидэ Суга 72 жашта, ал премьер-министр кызматын өткөн жылдын сентябрь айынан баштап аркалап жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости