www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Айрым саясатчылар төңкөрүш жасаганды оюнчук көрүп, саясий оюн, бизнес кылып алышты", - деди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштырууга кызыкдар күчтөр бар экени айтылууда. Оппозиция чын эле революция жасоого кирише баштадыбы?

- Оппозициянын табияты бийликтин катачылыгын айтып, сындайт. Антпесе оппозиция болбой калат. Бийликтин кемчилигин айтып, чечүү жолдорун көрсөтүп, конструктивдүү оппозиция болсо мыйзам ченемдүү болмок. Эгер жөн эле кыйкырып, маселе жаратууну каалап жатышса ал туура эмес.

Анткени, айрым саясатчылар төңкөрүш жасаганды оюнчук көрүп, саясий оюн, бизнес кылып алышты. Бул ыплас оюндун артынан мамлекеттүүлүк жоголуп жатканын түшүнүшсө болмок. 30 жылдан бери 3 төңкөрүш болду, 32 өкмөт, 6 жолу ажо алмашты. 600-700 киши ар кандай жагдайда каза болду. Ага карабай эле бийликке, байлыкка тойбогондор төңкөрүштү самап жатышат.

Эми төңкөрүш болсо, Самали болобуз. Эмкиде бизди тажиктер эмес, чукчалар деле басып алат. Ошон үчүн адыраңдап бийлик алмаштырууну көздөбөй, мамлекеттүүлүктү сактап калуунун аракетин көрүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости