www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Назарбек Нышанов бардык бийлик убагында эле митинг өткөрүп келе жатат", - деди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев

- Улук мырза, жакында Туйгунаалы Абдраимов башында турган чоң митинг болот экен деген маалымат желдей тарады. Назарбек Нышанов “110 миң киши келет” дептир. Ошондо бул митинг бийликтин бекемдигин сынаган митинг болобу же оппозициянын кадырын көрсөткөн митинг болобу?

- Бизде митинг деген кадимки эле көрүнүш да. Ошондуктан боло турган митингден өтө деле кооптоно бериштин кереги жок деп ойлойм. Анткени, кандай максатты көздөгөн митинг экенин, кандай талаптар менен чыгаарын эч ким билбейт. Ал митингге 110 миң киши чыгат деп айтканын мен уккан жокмун.

Негизи Конституция боюнча биздин жарандар митинг өткөрүүгө, пикирин айтканда толук укугу бар. Ошондуктан митинг өткөрүүнү каалагандарга тоскоолдук жаратпай эле жөн коюш керек. Мен билгени Назарбек Нышанов бүгүн эле митинг өткөргөн жок. Ал киши бардык бийлик убагында эле митинг өткөрүп келе жатат. Бирок, ал уюштурууга кол-кабыш кылган, митингге канча киши келээрин убакыт көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости