www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору артка кайтарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 5-мартта Фейсбукка жазды.

- Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулуктан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди, - деди Алагөзов.

Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир топ депутаттын сынынан кийин күн тартибинен алынган.

Долбоордо жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алары жазылган. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилери каралган. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөрү белгиленген.

Тандалып алынган сегиз жол эрежеси төмөнкүлөр:

• Колдонууга тыюу салынган унааны башкарган учурда,

• Мамлекеттик номуру жок унааны айдаганда,

• Коопсуздук кызматкери тоскондо токтобой койгондо,

• Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашканда,

• Жол чырактарына баш ийбегенде жана тротуар, велосипед жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан жүргөндө,

• “Тез жардам” жана башка атайын техникага жол бербөө,

• Каршы тилкеге чыгуу жана ээнбаштык кылганда,

• Материалдык чыгым алып келген жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыктары болгондо, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуу жана кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери бузулганда.

Айдоочу "Унаа" мекемесинен кайра сынак тапшырууга жөнөтүлгөндө ага 60 күндүк мөөнөт менен убактылуу күбөлүк берилери каралган.

ИИМ бул мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу максатында иштелип чыкканын түшүндүргөн.

Последние новости