www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Президент Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg