www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кырдалды күчөтпөш үчүн коменданттык саат киргизиш керек», - деди бүгүн, 29-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Турат Акимов.

- Турат агай, кечээтен бери кыргыз тажик чек арасында чыккан чыр токтой элек. Тажик тарап ок ата баштады. Эмне кылсак, абал турукташат?

- Алгач элди сакташ керек, ал үчүн блок-посторду коюп, чек-араны жабыш керек. Кырдаалды күчөтпөш үчүн коменданттык саат киргизиш керек, аскерди бекемдеш керек, анан президент Жапаров Рахмонго чалыш керек – алар аскер башы.Чек-арада токтобой ок атылса ушулар жооптуу болот.

- Кечээги чыккан чыр мурунку ызы-чуулардан айырмасы барбы же болуп келген эле катардагы окуялардын бириби?

- Айырмасы жок, маселе эч чечилген эмес. Кыргыздын улам келген жаңы бийлиги мурдагыдан бош болгон – чече алган эмес. Бүгүнкү жаңжалдын себепкери Улукбек Марипов, ЖК айткан эле суу-башы биздики эмес деп. Тажиктер ошол сөзгө таянып жатышат.

- Ташиев чек араны аныктоого катуу киришкени үчүн тажик тарап ушундай жагдай жаратып жатабы?

- Мурда деле ушундай болгон. Ташиев салабатту чечпей удургутуп койду. Эл көп келишимдерди билбейт, баары тымызын берилген сыяктуу. Акаевден – Жапаровго чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости