www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси болуп эсептелет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Тажик тарап кечээ, 28-апрель күнү, чек ара аймагындагы абалды курчуткан, азыр дагы дал ошондой аракеттерди жасап жатат. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси болуп эсептелет. Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилиги "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын курулушу Кыргыз ССРи тараптан жүргүзүлгөнүн билбегени таң калтырууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле УКМК Тажикстандын күч органдары мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерлерге коргонуу үчүн объектилерди орнотуп, өз элин Кыргызстандын жарандарына каршы аракеттерге үндөп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Булак: NazarNews.kg