www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев март окуяларына арналган иш-чарадан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев март окуяларына арналган иш-чарадан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдөгү бир катар саясий маанилүү темаларга токтолду. Президент Социал-демократтар партиясы коомчулуктун пикирин уккандан кийин гана талапкер сунуштай турганын белгиледи.

“Мен президент катары айтам, шайлоодо эч ким тартипти буза албайт. Тартип бузгандар жоопко тартылат, ачык айтайын, оюн баштагандарды аябайбыз. Шайлоо ачык болот, керек болсо Мадумаровго ачып бергендей урналарды ачып көрсөтөбүз. Ал эми КСДП партиясынын атынан шайлоого ким барары эки-үч айдан кийин билинет. Алгач биз эл кимди колдорун билишибиз керек”.

Президент ошондой эле парламентти таратуу боюнча соңку күндөрдү күч алып жаткан талкууларга да пикирин айтты. Коомчулуктагы мындай пикирге президент өзү жем таштаганы бар. Андан мурун парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеш курч маселелерди талкуулай албаса, тарап кеткени жакшы деп билдирип чыккан эле. Бүгүн президент парламент өзү эле тарап кетет дегенге ишене албай турганын, туруктуу коалиция болуш үчүн шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыгуу керектигин айтты:

“Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болобу жокпу, бул Кудайдын колунда, анан парламенттин колунда. Бирок парламент тарап кетет дегенге ишене албайм. Туруктуу коалиция болбой турганын дагы бир жолу айтып берейин. Мындан ары парламентте 6-7 партия болот. Эч качан туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбойт. Чын эле парламентте бакылдап аткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө шайлоодогу барьерди 7 кылбай 9-10 кылышы керек. Тизмени катуурак кылышы керек. Албетте, бул парлмент бизге кереги жок дегендер көп болуп жатат, мага кайрылуу болду. Бирок муну өзүбүз шайладык да. Менимче убакыт көрсөтөт”

Президентке соңку күндөрү коомчулукта курч талаш-талкууларды жараткан Башкы прокуратура Азаттык жана Заноза сайттарын “президенттин аброюна шек келтирди” деген жүйө менен сотко бергени боюнча да суроолор берилди. Бийлик менен маалымат каражаттарынын ортосундагы мындай маселе демократиялуу деп саналган өлкөлөрдө сотко жетпей, консенсуска келүү аркылуу чечилет. Ал эми Кыргызстанда ушундай мунасага жол табылабы?

“24.kg тууралуу сотко мен кайрылган эмесмин. КСДП партиясы кайрылыптыр. Мен алардан эмнеге кайрылдыңар деп сураганымда, жалаң ушакты таратып атышат дешти. Заноза боюнча айтсам, алар дагы ушакты биле туруп таратып атат. Биз калпычылардан тойдук, жетишет эми. Ушак айтуу өлгөн бир тууганынын этин жегенге барабар”, - деди президент.

Ошондой эле президенттин жакында жарык көргөн небереси тууралуу суроолорго ал мындай жооп узатты:

“Биздин үй-бүлө демократиялуу. Неберемдин атын кызым менен күйөө балам коёт. Бир айдын ичинде коюу укугу бар. Көп өлкөлөрдө салтка айлангандай, бул жакшы окуянын болушу менен каршылаштарыңызды кечиресизби деп сурап калдыңар, жооп берейин. Менин айрым маалыматтарга наарызылыгым көп жылдар бою топтолду. 5 жыл бою чыдап да келдим. Төртүнчү бийлик өкүлдөрүн дагы кимдир бирөө жазалашы керек. Алар да жоопкерчиликти сезсин”.

Булак: "bbc.com"

Последние новости