www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент партия түзө алабы?

Коомчулук демократия менен демигип кетип барат. Демократиядан башка коом бар беле?  Демократиялык-централизм идеясына сугарылып алган илгерки советтик мамлекет башчылары болгон. Ошол мамлекет башчылары Иосиф Сталин, Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Дмитрий Устинов  билишкен, качан көздөрү өтмөйүнчө мамлекет башында турарын. Ал эмес Никита Хрущев менен Михаил Горбачев да билишкен. Арийне, бул экөөнү көздөрү тирүүсүндө эле кызматынан кетиришкен. Ушуга окшош абсолюттук монархия бар, алар демократиядан мурун жаралып король, хан, падыша, султан, император болуп түбөлүк бийлик жүргүзүп, өздөрүнүн тукумдарын кийинкиге бири калтырып кетсе, кээ бирлеринин тукумдары башкаларга жем болгон. Ушул тапта көпчүлүк өлкөлөрдү демократияга таянган мамлекеттер түзөт. Конституциянын негизинде аларды президенттик башкаруу, президенттик–парламенттик жана парламенттик башкаруу түзөт.

Эми өзүбүзгө келели, Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алган 1991-жылы Орусия Федерациясы да өзү СССРдин бир гана республикасы болгон. СССР кандай кең эле, биз Кыргызстан өзүбүздүн аймактарыбызга тынчтык жолу менен ээ болгонубузга сүйүнсөк болот. Борис Ельцин Орусиянын президенти болуп шайланганы менен чындыгы бийликтин башында СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачев турган. 1991-жылдын 17-мартында СССРдин элдери референдум боюнча СССРдин курамында калууну колдогон. Михаил Горбачев эл колдойт деп сезип 1991-жылы 20-августка жаңы союздук мамилелерди түзүш үчүн келишим кылууну негиздеп, ага чейин Фороско эс алууга кетет. СССРди таратпоону көздөгөн күчтөр ГКЧПны уюштуруп, бирок аягына чыккан эмес. Алар Горбачевду кармашкан, бирок Ельцинге маани берген эмес. Ельцинде көп күч деле болгон эмес, ага маани деле беришпей, Горбачевду кармайбыз деп СССРдин убалына калышты. Горбачев ошол кезге чейин СССРди бийлеп турган коммунисттик партияны таратып чоң күчүнөн айрылып турган. ГКЧПны уюштургандар Горбачевдин көтөргөн кызматкерлери болгон. Ельцин ушул учурдан пайдаланып СССРди биротоло таркатууга мүмкүнчүлүк алат. СССР убагында ага бийлик тийген эмес, ал эми Орусия Федерация СССРдин негизин түзгөндүктөн, аны бийлеп калыш үчүн Кравчук, Шушкевич жана Назарбаевди Белорусияга чакырып СССРди таратууну чечет. Назарбаев барган жок, бирок алар да шашып калган, Түркстанда жашап жаткан республикалардын башын кошо калганды ойлогон. Бул ошол кезде туура болгону менен тарыхий жактан туура эмес болгон. Анткени, СССРге салыштырмалуу бөлүнгөн мамлекеттер экономикалык жактан алсырап калган.

Владимир Путин Орусияга президент болгондо «СССРди эстебегендердин жүрөгү жок, СССРди кайра калыбына келтирем дегендердин мээси жок» -деген. Жыйырма жылдан кийин 2020-жылы июлда Орусиянын жаңы Конституциясын кабыл аларда ал, СССРди бөлгөндө ким кайсы республикада экенине карабай, ким кайсы республикага эмне жасаган, ошол боюнча бөлүш керек эле деген оюн айтат. Бул жерде негизи Украинага каршы айтылып жатат, анткени Крымды Хрущев Украинанын Орусияга кошулганынын 300 жылдыгына белек кылып берсе, Донбасс, Липецкти Ленин декрети менен Украинага берип койгон. Кыргызстан менен Орусиянын аймактык эч кандай талаш-тартышы жок.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң ошол кезде капыстан президент болуп калган Аскар Акаевич Ельциндин таянычы менен күчтөнө баштайт. Ал эң биринчилерден Кыргызстан компартиясынын башында турган Апсамат Масалиевден «эки жүгөн, бир тизгинди» колуна алат. Ошол үчүн ал президенттик аппарат жетекчиси Эднан Карабаев аркылуу «СССРдин президенти Михаил Горбачев Аскар Акаевди вице-президентке чакырып жатат» деген ушак таратат. Ошентип, өзүнүн СССРдеги ролун бекемдеп алат, 1991-жылы Ельцин аркылуу ГКЧП жеңилген соң, Акаев экинчи ирет президенттик жалпы элдик шайлоого добушун коюп, ошол мезгилде эси ооп турган компартияны жеңип кетет. Аскар Акаев бир нече ирет Конституцияга өзгөртүү киргизип, 1995-жылы, 2000-жылдары президенттик шайлоодо жеңиш менен келет. 2005-жылы ал президенттик шайлоого жетпей калды. Бирок, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүүгө жетишип калды. «Алга, Кыргызстан» партиясы анын мамлекет башында калышы үчүн жардам бере алган жок.

Андан кийинки президент Курманбек Салиевич  Акаев мажоритардык системада түзгөн партиясы менен 2005-жылдан 2007-жылга чейин иштешти. 2007-жылы парламенттик шайлоо менен «Ак Жол» партиясы 2010-жылы тамам болду. 2010-жылы бийлик башына СДПК партиясы келип, бийликке келип, жыйынтыгында ыдырап жок болду. Бул партиянын тагдыры деле аягына чыкты. Көпчүлүк бийликтен ажырагысы келбегендер ар кайсы жакка ооп кетишти. Азыркы учурда бийликтин идеясын колдогон партия керекпи? Бейөкмөт уюмдардын атасына келе турган болсок, Дональд Трамп «Республикачыл» партия менен күрөшкө аттанганы турат. Владимир Путин «Единая Россия» партиясына таянат, Нурсултан Назарбаев, «Нур Отан» партиясына, кыскасы бардык президенттер партиясы жок алыска узабайт. Ушул сыяктуу партияларга таянып, күрөшкө чыкпаса алдыда далай күрөштөр турат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости