www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Президент Сооронбай Жээнбеков Ала-Арча резиденциясында ММКларды чогултуп, бир жылдын ичиндеги иштер тууралуу пресс-конференция өткөрүп жатат

Анда NazarNews.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Гүлжан Шерипбаеванын жер-жерлерде КСДП партиясынын атынан жыйындар өткөрүлүп жатат, буга сиздин тиешеңиз барбы деген суроосуна Президент төмөнкүчө жооп берди:

- Менин эч кандай тиешем жок, партиянын ысык-суугунда башында турган кишимин. 2010-жылы башында биз турганбыз, бир кездеги абдан күчтүү, ал партияда жаштыгыбыз, өмүрүбүз өттү. Менин максатым баарына бирдей шарт түзүү. Менин тиешем жок деп баса белгиледи.

Журналисттин Бабанов менен үч тараптуу сүйлөшүүлөр болду беле деген экинчи суроосуна мындай деп жооп берди: 

- Өмүрбек Бабанов боюнча сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эки тараптуу дагы, үч тараптуу дагы болгон эмес. КТРКда дебаттарда акыркы жолу жолуккам. Экс менен эмне тууралуу сүйлөштү маалыматым жок. Мен ошон үчүн элге чыкканда мен силердин араңардан чыкканмын. Мен проблемаңарды жакындан билем. Мен элдик президент болуп берем деп убада бергем. Мени "сатып кетти" деген атка кондурушту. Мен бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин. Десе, дешсин. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын саткандан корком! Эки жолу революция болду. Тарых менин көз алдымда өттү. Мен билем баарын. Ошону көрүп туруп, мен эч кандай кылбайм андайды. Биз укуктук мамлекетпиз. Биз эмне болобуз? Анда "бандитский мамлекет" болбойбузбу? Иш козгогондон кийин, 468 иштерди жаап коюшкан. Эмнеге элди кыйнашат? Ачтыңбы аягына чейин чыгар. Тергөөчү мыйзамдын алдында бирдей болушу керек.

Ошондуктан кээде ушундай иштерге жол берилип жатат.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын 170 тен ашуун өкүлдөрү катышууда.

Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен..

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости