www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, иш сапары менен Казакстан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.

 

Последние новости