www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү мамлекеттик майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин акылдуу жетекчилигиңиз астында Беларуста мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы эки тараптуу форматтагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө,  ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ алкагында көп тараптуу мындан аркы өз ара аракеттешүүгө өзгөчө маани берет. Биздин өлкөлөр жана элдер ортосундагы ири потенциалды ишке ашыруу үчүн ишенимдүү жана конструктивдүү алакалар негиз болоруна ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ал эми жалпы Беларусь элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

 

Последние новости