www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоонун  алдыңкы сабында турасыздар.

Кыргыз Республикасы прагматикалык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет.

Биздин тышкы саясатыбыз өлкөбүздүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарын ишке ашырууга багытталган.

Биздин милдет — Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөш, коңшу жана башка мамлекеттер менен карым-катнаштарды бекемдеп, өнүктүрүү.

Евразиялык экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму, Шанхай кызматташтык Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сыяктуу аймактык интеграциялык бирикмелер менен кызматташтыгыбыз кеңейүүдө.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюму менен өнөктөштүккө өзгөчө маани беребиз.

Эл аралык кырдаалдагы жаңы чакырыктар биздин дипломаттардан жоопкерчиликти, мекенчилдикти, кеңири көз карашты, билимди, жогорку маданиятты талап кылат.

Сиздер бул милдетти абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер.

Мамлекет мындан ары да дипломатиялык кызматтын кадыр-баркын бекемдей берет. Кызматкерлердин кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзүү, жаңы формациядагы дипломаттарды даярдоо — көңүл борборундагы маселе.

Урматтуу Кыргыз дипломатиясынын ардагерлери!

Сиздер өлкөбүздөн өнүгүүсүнө жеке салымыңарды кошуп,  дипломаттардын бир нече муунун татыктуу тарбияладыңыздар.

Сиздердин мекенибизге арналган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазылыгымды билдирем!

Урматтуу дипломаттар!

Сиздерге Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана  жетишкендиктерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости