www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты.

Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик салык кызматына кайрылган. Ал жерден, колуна тийген маалыматка ылайык, Кыргызстан эл аралык университетинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына салыштырмалуу төрт эсе көп чет элдик жарандар билим алат дагы, бирок салыкты бирдей өлчөмдө төлөшкөндүгү анык болгон.

- Муну кандай түшүнсө болот? Казынада акча жок деп эле жүрөбүз, бирок жогорку окуу жайлардан миллиондогон акчалар бюджетке түшпөй жатпайбы, -дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости