www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку акыйкатчы, экс-депутат, экс-элчи Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда ал айрым адамдарды “мумия” атаган. Төмөндө анын постун толук бермекчибиз:

“Мумия-теңирчилер жөнүндө мурдагы жылы жазган постум бүгүн да маанилүү: бирөө өзүн «кудаймын» дейт, экинчиси өзүн «Махдимин» дейт, үчүнчүсү болсо өзүн «периштемин» дейт...

Мамлекет чара көрбөсө эртеге дагы эмне деп чыгышат экен?!  Гүлзат Аалиева баш болгон мээси кургап, соолуп калган теңирчилер Фейсбукту минип алып, ислам динине жана мусулмандарга чабуулун күчөтүүдө. Мумиялардын дагы бир тобу өздөрүн «дин» катары Адилет министрлигине каттаткан аракеттерин токтотушкан жок. Алардын лидерлери парламенттик шайлоого да, президенттик шайлоого да такай катышат. «Аларга теңелбегиле», «алардын деңгээлине түшпөгүлө», «аларды тек койгулачы, башка жумушуңар жокпу» деп «акыл-насаатын» мага жана менин пикирлештериме айтып жаткан бул маселенин коркунучун жана кооптуусун түшүнбөгөндөргө дагы бир жолу эскертип коёюн: мамлекеттик жана улуттук идеологиясы жок элде кайдыгерлик жана пофигизм мамлекеттин жок болушуна, дин аралык чоң чыр-чатактарга алып келиши толук ыктымал! «Сактыкта кордук жок!» деп элимди да, бийликти да эскертип коюу менин милдетим”, -деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости