www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусундагы иш сапары учурунда Шоввозсой эс алуу аймагы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Мирзиёев ал мамлекеттик темир жол ишканасына таандык экенин, ал жерде эч ким жашабай турганын жана эч кимге берилбегенин билдирди.

«Ал мамлекеттик жер. Ага президенттин кандай тиешеси бар? Президент ал жакка Өзбекстанга пайда алып келе турган мартабалуу конок келсе гана барышы мүмкүн. Анан, президент беш жылда канча жолу эс алыптыр? Эмне үчүн ушундай суроо бербейсиңер?».

«Оздолик» 23-февралда жарыяланган иликтөөдө Ташкенттен 100 чакырым алыстыктагы Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиеёв үчүн курулаганы ашкере кылган. Бул жайдын курулушун мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы көзөмөлдөгөн.

Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай боюнча иликтөөдө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөгөн.

Бул компания 24-февралда расмий сайтына жарыялаган маалыматта Шоввозсой (Шаваз-Сай) тоо дарыясынын жээгиндеги жер тилкеси 2010-жылы ишканага «экосистеманы сактоо» максатында берилгени айтылат. Акыркы 10 жылда мамлекеттик бюджеттен тышкары 43 миллион долларга аталган аймакта эс алуу жайлары курулганы көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости