www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан коронавируска каршы 150 миң доза «Синофарм» дарысы алынып келди.

Жүктү премьер-министр Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова тосуп алды.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналив 150 миң доза дары 75 миң кишиге жетерин айткан.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги калктын 75 пайызын эмдей турганын билдирген.

Sinopharm («Синофарм») — Кытайда биринчилерден болуп жактырылган коронавируска каршы вакцина. Азыркы тапта аны коңшу мамлекет кеңири колдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости