www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангы ыйгарылды. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгон.

2019-2021-жылдары Муратбек Азымбакиев ШКУ Катчылыгынын Экономикалык жана гуманитардык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти, 2021-2022-жылдары - Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болгон.

2022-жылдын 19-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет жана дипломатиялык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости