www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 27-июнда Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-венгер мамилелерин эки тараптуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, стратегиялык өнөктөштүк, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы кызматташтык ж.б. талкууланды.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү демилгелери чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө басым жасалды.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын февраль айында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча бирдиктүү милдеттенмени айгинелеп турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын элчиси Шандор Дорогиге кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Шандор Дороги мамлекет башчыга кыргыз-венгер кызматташтыгынын үч негизги багыты – экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди.

Соңунда ал президент Садыр Жапаровго Венгриянын Бишкектеги дипломатиялык миссиясынын башчысы катары ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости